И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Авиаинституттун студенттери Тарых музейинин жаңы экспозициясын көрүштү
Авиаинституттун студенттери Тарых музейинин жаңы экспозициясын көрүштү
  • 26 Ноя 2021
  • 3588
  • 0

2021-жылдын 25-ноябрында М 1-21 тобунун студенттери окутуучусу Чолпон Намазбековна Базарбаева менен Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барышты.

 

Улуттук тарых музейи кайра жабдуудан соң 2021-жылдын 19-ноябрында салтанат менен ачылды.

 
Студенттер адамдын чыгармачыл ишмердүүлүгүнүн 90 миңден ашык өрнөгүн камтыгын музейдин жыйнагынан түзүлгөн жаңы көргөзмөсүн көрүштү. Чолпон Намазбековнанын айтымында, байыркы доордо Кыргызстанда жашап келген сактардын найза, жаанын огунун темири, канжар сыяктуу археологиялык табылгалар, Барсбек кагандын мүрзөташына чегилген жазуусу, улуттук музыкалык аспаптар топтому студенттердин өзгөчө кызыгуусун жаратты.
 
 
Каалоочуларга 30-ноябрга чейин саат 10-дон 18 чейин музейге кирүү акысыз.

 

Шилтеме: https://historymuseum.kg/