И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Boeing-777 учагынын командири М. В. Васянин: «Башка кесипте өзүмдү элестете албайм»
Boeing-777 учагынын командири М. В. Васянин: «Башка кесипте өзүмдү элестете албайм»
  • 26 Ноя 2021
  • 3939
  • 0

2021-жылдын 24-25-ноябрында Кыргыз авиациялык институтутунун жарандык авиация факультетинин 1-3 курсундагы студенттери үчүн Azur Air авиакомпаниясынын Boeing-777 учагынын командири Максим Васильевич Васянин "Кесипке киришүү" темасында мейман лекция окуп берди.

 

Лектор учкуч болуп ишке орношууда негизги ченөлчөмдөрүн, - кесиби боюнча билим, англис тилин мыкты өздөштүрүү жана авиакомпанияда аңгемелешүүгө даярдыкты белгиледи.

 

Учактардын көптөгөн  типтеринде, Ан-2 -ден баштап Boeing-777 -ге чейин, бир нече авиакомпанияларда иштеп, ар кайсы өлкөлөргө рейстерде учкуч болуп чоң тажрыйбага ээ болгон Максим Васильевич максатына жетүү үчүн даярдануусу жана студенттерге жарандык авиациянын өнүгүүсүнүн азыркы абалына жараша аракеттенүү тууралуу турмуштук кеңештери менен бөлүштү.

 

Студенттер механикалык жана электрондук индикацияны колдонуудан баштап, радиобайланыш боюнча окуу китептеринин авторлору, ICAO талап кылган англис тилин билүү деңгээли, заманбап аба кемелеринде иштөө үчүн кайра окутуунун баасы жана учуу сааттарынын саны, flight-менеджерлер менен кызматташуу, жогорку билимдин же кызыл дипломдун баркы, башка өлкөлөрдөгү бош иш орунга тандоодо жараныдыкка талап, дарыгер-учкучтар эксперттик комиссияларынын айырмасы, учкучтун ден соолугуна зыяндуу өнөкөттөрдүн таасири, бааракы төлөнө турган кызмат мөөнөтү жана эмгек акы менен канааттануусу чейин сурашты.