И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

"Аэроскрипт" - дрондор үчүн санариптик платформанын иштеп чыгуучусу
  • 19 Ноя 2021
  • 3628
  • 0

10-11-ноябрда Бишкекте өткөрүлгөн «Жарандык дайындоо тармагында учкучсуз авиациялык системаларды коопсуз колдонуу: окутуучулар курамын даярдоо жана укуктук маселелер» темасындагы II эл аралык илимий-практикалык конференцияга «Аэроскрипт» илимий-изилдөө борбору (Санкт-Петербург) катышты.

 

«Аэроскрит»-тин адистери учкучсуз аба кыймылынын жана AAM (Advanced Air Mobility) алдыңкы аэрокыймылдуулукту уюштуруудагы жаңы технологиялык ыкмалар тууралуу айтып берип «Небосвод» жаңычыл санариптик платформасы менен тааныштырды.

 

«Небосвод» учкучсуз аба кыймылын уюштуруу боюнча улуттук платформа бүтүндөй Россия боюнча иштейт, дүйнөдөгү эң чоң өлкөнүн аба мейкиндигин толугу менен камтыйт. Биз, бир мезгилде салттуу учкуч башкарган аба кемелери менен ар кайсы категориядагы учкучсуздуктар коопсуз уча алган гибриддик аба кыймылын түзүү үчүн чечимдерди иштеп чугууга жигердүү түрдө катышып жатабыз. Ошону менен катар, бул RuSPACE концепциясы. Биз кыргыз кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашууга даярбыз, жана илимий-практикалык конференциянын алкагында кызыкчылыктарыбыз чектешкен түйүндөр белгиленди," - деди «Аэроскрипт»-тин жетектөөчү талдоочусу Вадим Авершин.

 

«Жарандык дайындоо тармагында учкучсуз авиациялык системаларды коопсуз колдонуу: окутуучулар курамын даярдоо жана укуктук маселелер» темасындагы II эл аралык илимий-практикалык конференциянын отуруму Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин калкасында, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Жарандык авиация мамлекетик агенттигинин колдоосу менен И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институту тарабынан уюштурулган.

 

Шилтеме:

https://www.aeroscript.ru/