И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

"Украинанын окуу жайларында авиациялык адистерди даярдоонун өзгөчөлүктөрү" темасында мейман лекциясы
  • 19 Ноя 2021
  • 4223
  • 0

Кыргыз авиациялык институтунун студенттери үчүн 2021-жылдын 18-ноябрында Улуттук авиациялык университетинин (Киев ш.) окутуучусу, аэронавигация системаларынын кафедрасынын доценти  Аргунов Геннадий Фёдорович "Украинанын окуу жайларында авиациялык адистерди даярдоонун өзгөчөлүктөрү" темасында мейман лекциясын окуду.

 

Геннадий Фёдорович студенттерге университети, окутуу жараянын өзгөчөлүктөрү, Украинанын дипломдору таанылып жана Европа Биримдигинде ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү, авиацияга тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды украин адистери өздөрү иштеп чыгып жатканын, менчик авиациянын өнүгүүсү жана чет элдик учкучтарды жумушка алуу шарттары, заманбап учактарды тейлөө үчүн техниктерди кайра даярдоо курстарын авиакомпаниялар өздөрү уюштуруп жатканы, аба кемелерин оңдоо үчүн менчик борборлорунун иши тууралуу кеңири баяндап берди.

 

Студенттер магистратура окууга тапшыруу шарттары, сабактардын окутуу тили, заманбап аба кемелерине техниктерди кайра даярдоо тууралуу суроолорду узатышты.

 

Маалымат үчүн:

Улуттук авиациялык университетинин тарыхы Киев машине куруучу институтунун авиациялык факультетинин базасында Киев авиациялык институту болуп түзүлгөнүнөн 1933-жылы башталган. Учурда университетте 25 миңге жакын студент окуйт.

Шилтеме: https://nau.edu.ua/