И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

КАИ ардагери Галина Васильевна Суворовага алкыш аземи
КАИ ардагери Галина Васильевна Суворовага алкыш аземи
  • 15 Ноя 2021
  • 4621
  • 0

15-ноябрда тилдер цикл комиссиясынын окутуучусу, Кыргыз Республикасынын билим берүү мыктыманы, КАИ ардагери Галина Васильевна Суворованын ардактуу эс алууга чыгуусуна байланыштуу алкыш аземи уюштурулду.

 

Галина Васильевна Суворова – И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун ардагери. 1985-жылы Жарандык авиациянын Фрунзе авиациялык-техникалык училищесинин даярдоо бөлүмүндө орус тил мугалими болуп иштеп баштаган. Ал жүздөгөн чет өлкөлүк студенттерди орус тили боюнча даярдап, чет өлкөлүк студенттерге орус тилин үйрөнүү боюнча методикалык колдонмолорду иштеп чыккан. 30 жылдан ашык Кыргыз авиациялык колледжинин окутуу бөлүмүнүн башчысы болуп, андан соң 6 жылдан бери орус тили боюнча сабак берип жатат.

 

Институттун директору Курманов У. Э. иш жамаатка Галина Васильевнанын окуу жайдын өнүгүүсүнө кошкон салымы тууралуу баяндап берип, алкыш баракчасын, белектерди тапшырып, ар дайым институт менен байланышта болуп, ардагерлердин кечелерине катышууга чакырды. И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык колледжинин мурунку директору, КАИ ардагери, окутуучу Даиров Р. Д. жетекчилик Г. В. Суворовага эң татаал жумуштарды тапшарганын жана анын кесиптик принципиалдуулугу тууралуу кеп салды. Окутуу полигондун башчысы Абдраманов А. К. белек тапшырып, окутуу башкармалыгынын башчысы Манапбаев Э. Р. жана тилдер цикл комиссиясынын Иматов  Э. Т. алкыштары менен каалоо-тилектерин айтышты.

 

Эмгеги үчүн Галина Васильевна "Эмгек артыкчылыгы үчүн" медалы, Кыргыз Республикасынын билим берүү мыктыманы белгиси, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациянын 80-жылдыгы белгиси менен сыйланган.