И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

"Учкучсуз авиациялык системаларды жарандык дайындоо чөйрөсүндө коопсуз колдонуу. Окутуучулар курамын даярдоо жана укуктук маселелер" темасындагы II эл аралык илимий-практикалык конференция
  • 11 Ноя 2021
  • 6953
  • 0

Илим жумалыгынын алкагында 10-11-ноябрда И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунда Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин калкасында "Учкучсуз авиациялык системаларды жарандык дайындоо чөйрөсүндө коопсуз колдонуу. Окутуучулар курамын даярдоо жана укуктук маселелер" темасындагы II эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

 

Конференциянын катышуучуларына институттун директору Курманов У. Э., Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министринин орун басары Тургунбаев А. А., Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин төрагасынын орун басары Клещёв К. А., Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана  орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Алибаева Д. К., Жарандык авиациянын мамлекеттик агенттигинин сапат жана ICAO стандарттарын киргизүү секторунун башчысы Кариев У. С. ачылыш сөзүн жолдошту.

 

Россия, Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын мамлекеттик жана менчик ишканалардын жетекчилери менен адистери конференцияда баяндамаларын тартуулашты. Эксперттердин баяндамаларындан учкучсуз авиациялык системаларды пайдалануунун ар кайсы өлкөлөрдүн  практикасы, УАС категорияларга бөлүштүрүү ченөлчөмдөрү, артыкчылыктары жана зыяндары, укуктук жөнгө салуу, УАС иштетүүчү адистерди даярдоо тажрыйбасы, тастыкташтыруу стандарттарын аныктоо зарылчылыгы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болду. Конференция окуу борборлорунун бирдиктүү иш алып баруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана УАС өндүрүшүндө, катоодо, аба мейкиндигин көзөмөлдөөдө талаптарды МАК жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында стандартташтыруу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн аянты болду.

 

Конференциянын резолюциясына жарандык учкучсуз авиациялык системаларды колдонуу чөйрөсүн жөнгө салуу жана бирге аракеттешүүнү чыңдоого иш тобун түзүү тууралуу  катышуучулардын сунуштоолору киргизилди.

 

 

Конференциянын баяндамалары  "И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун жарчысы "Авиатор" илимий журналынын №3 чыгарылышына киргизилет.

Отурумдардын видеосу Кыргыз авиациялык институтунун  https://youtube.com/kaikg каналына даярдалмакчы.