И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Авиаинститут жана
Авиаинститут жана "Авиатор" окуу борбору кызматташтык тууралуу макулдашуу түзүштү
  • 11 Ноя 2021
  • 5664
  • 0

2021-жылдын 11-ноябрында И.Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институту жана "Авиатор" окуу борбору" кошумча кесиптик билим берүү боюнча мамлекеттик эмес билим берүү менчик уюм кызматташтык тууралуу макулдашуу түзүштү.

 

Кызматташтыктын багыттарын талкулоо учурунда "Авиатор" окуу борборунун эл аралык долбоорлор боюнча директордун орун басары Зенцова Лилия Евгеньевна жана учкучсуз авиациялык системалар менен энергиянын альтернативалык булактары боюнча жетектөөчү адис Кирдюшкин Юрий Сергеевич авиациялык адистерди даярдоо программалары, башка өлкөлөр менен иш алып баруу тажрыйбасы, авиациялык копсуздук боюнча европалык агентствонун (EASA) талаптары тууралуу маалымат беришти.

 

10-ноябрда "Учкучсуз авиациялык системаларды жарандык дайындоо чөйрөсүндө коопсуз колдонуу. Окутуучулар курамын даярдоо жана укуктук маселелер" темасындагы II эл аралык илимий-практикалык конференциянын отурумунда Зенцова Л. Е. менен Кирдюшкин Ю. С. учкучсуз учуучу аппараттарды иштетүүчү адистерди даярдоонун өңүттөрү тууралуу баяндама тартуулашкан.

 

Шилтеме:

http://aviator-training.com/