И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Басма сөз үчүн билдирүү. Учкучсуз авиациялык системаларды жарандык дайындоодо колдонуу
Басма сөз үчүн билдирүү. Учкучсуз авиациялык системаларды жарандык дайындоодо колдонуу
  • 05 Ноя 2021
  • 4603
  • 0

Басма сөз үчүн билдирүү

Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институту учкучсуз авиациялык системаларды жарандык дайындоодо колдонуу маселелери боюнча эл аралык конференция уюштуруп жатат

 

Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата 2021-жылдын 10-11 ноябрында Ишембай Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунда «Учкучсуз авиациялык системаларды жарандык дайындоо чөйрөсүндө коопсуз колдонуу: окутуучулар курамын даярдоо жана укуктук маселелер» темасында II эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.

 

Конференция Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин жана МАКтын аэронавиягация боюнча айкаштыруу комиссиясынын ишинин алкагында өткөрүлөт. Иш-чара Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин калкасында жана Кыргыз Республикасынын Транспорт  жана коммуникация министрлигинин, КР МТК караштуу Жарандык авиациянын мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен уюштурулууда.

 

Конференцияда Россия, Беларусь, Армения, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан баяндамачылар катышмакчы.

 

Конференциянын программасы учкучсуз авиациялык системалардын жиктештирүүсү, аларды жуурулушуунун жолдору, укуктук жөндөө, авиациялык персоналды окутуу, УАС иштетүү боюнча адистерди даярдоо, биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүү тууралуу баяндамаларды камтыйт.

 

Маалымат үчүн:

«Учкучсуз аба кемесин жарандык максаттарда колдонуу» темасында I эл аралык илимий-практикалык конференцияны И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институту Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин калкасында,  «AeroHelp» аба жана космос укугунун институту (Санкт-Петербург ш.) менен  2019-жылы өткөргөн.

 

Конференция өткөрүлө турган жери: Ишембай Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институту, И. С. Назаров ат. конференц-залы.

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М. Лущихин к., 60.

 

Конференциянын ачылышы – 2021-жылдын 10-ноябрында саат 10-до.

 

Байланыш:

Садовская Оксана Анатольевна,

И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун окутуу иштери боюнча директордун орун басары,

телефон: +996(312)418038, WhatsApp: +996(555)914052.