И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата билим берүү жана авиацияда санариптик жаңычылдыктар тууралуу тегерек стол өткөрүлдү
Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата билим берүү жана авиацияда санариптик жаңычылдыктар тууралуу тегерек стол өткөрүлдү
  • 04 Ноя 2021
  • 4696
  • 0

2021-жылдын 4-ноябрында И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунда "Авиаинституттун санариптик өзгөртүүсүнүн жаңычыл багытталышы" темасында тегерек стол уюштурулду.

 

Тегерек столдун катышуучуларына ачылыш сөзүн институттун директору Улан Эсембекович Курманов,  Кыргыз билим берүү академиясынын педагогика илими жана кесиптик билим берүү борборунун директору, педагогикалык илимдеринин доктору, профессор Добаев Кыргызбай Дуйшенбекович, КР УИА А. А. Алтмышбаев ат. философия, укук жана коомдук-саясий изилдөөлөр институтунун философия бөлүмүнүн улук илимий кызматкери, философия илимдеринин кандидаты Смутко Алексей Николаевич жолдошту.

 

Студенттер Алтынбек к. Б., Бакасов Б., Рыскулбекова Б., Тилекова Н., Токталы к. К., Турдугулова Г., Шарафутдинова Е. билим берүү менен жарандык авиацияда санариптик технология жана жаңычылдык киргизүү тууралуу докладдарын тартуулашты.

 

Тегерек стол Тынчтык жана өнүгүү үчүн илимдин бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган жумалыктын алкагында уюштурулду.