И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институтта Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин экспертизасы жүргүзүлүүдө
Институтта Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин экспертизасы жүргүзүлүүдө
  • 03 Ноя 2021
  • 4638
  • 0

И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунда мамлекеттик билим берүү уюм катары тастыкташтыруу талаптарына жооп бергени тууралуу сертификатынын мөөнөтүн узартуу үчүн  Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин эскпертизасы жүргүзүлүп жатат.

 

2021-жылдын 1-12-ноябрында Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин комиссиясы Авиаинституттун уруксат кылуучу ченемдик документтерин, материалдык-техникалык жана окутуу-методикалык базасын баалап жатат.

Комиссиянын курамында:

- Клещев Константин Александрович – МАК төрагасынын орун басары - УОАК эл аралык программаларынын жана аба мейкиндигин пайдалануу боюнча комиссиянын төрагасы,

- Соломоник Юрий Зусимович – улуттук аэронавигациялык системаларын шайкештөө бөлүмүнүн башчысы,

- Фёдоров Сергей Георгиевич – эл аралык программалары менен аба транспортунун өнүгүүсүнүн экономикалык маселелери боюнча комиссиянын жана авиациялык адистерди даярдоону айкаштыруу бөлүмүнүн башчысы.

 

2018-жылы Авиаинститут Мамлекеттер аралык авиациялык комитети тарабынан жана жарандык авиациянын окуу жайы катары жактырылып тастыкташтырылган.

 

Маалымат үчүн:

Мамлекеттер аралык авиациялык комитет – авиация жана КМШнын аба мейкиндигин пайдалануу боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин аткаруу органы. 1991-жылдын декабрында жарандык авиация жана аба мейкиндигин пайдалануу боюнча мамлекеттер аралык макулдашуунун негизинде түзүлгөн.

Комитет бирдиктүү авиациялык жоболорду, учуу жарактуулук боюнча ченемдерин, авиациялык техника жана анын өндүрүшүнүн, эл аралык категориялаштырылган аэродромдордун жана алардын жабдыктарын тастыкташтыруунун бирдиктүү системасын сактоо, авиациялык окуяларды көз карандысыз териштирүү, жарандык авиациянын өнүгүү маселелерин айкалыштыруу жана аба кыймылынын системаларын өнүктүрүү боюнча улуттук программаларын шайкештөө үчүн иш алып барууда.