И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Борисюк Василий Парфёновичтин жакындарына көңүл айтуу
Борисюк Василий Парфёновичтин жакындарына көңүл айтуу
  • 25 Окт 2021
  • 4463
  • 0

2021-жылдын 25-октябрында И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун АК УТЭ жана  ТСУБ кафедрасынын ага окутуучусу, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациянын ардагери, учак командири, I-класстагы учкуч Борисюк Василий Парфёнович дүйнөдөн кайтты.

 

Василий Парфёнович бүт өмүрүн жарандык авиацияга арнаган, учкуч болуп 20000 учуу саатынан ашык учкан. Айыл чарбанын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Айыл чарба өсүмдүктөрүн дарылоодо АН-2 учагы менен жаңы технологияны сунуш кылып өздөштүргөн.

 

Борисюк В. П. 15-жылдан бери биздин окуу жайда иштеп ондогон учкуч-бүтүрүүчүлөрдү даярдаган.

 

Василий Парфёнович, түбөлүк эсте сакталып, сиз ар дайым жүрөгүбүздө болосуз!

 

И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун жамааты Борисюк Василий Парфёновичтин туугандары жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтат.