И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Абдували Курбаналиев
Абдували Курбаналиев
  • 22 Окт 2021
  • 5655
  • 0

Абдували Султангалиевич Курбаналиев (26.6.1906 – 1971) – биринчи кыргыз аскер учкучу.

 

Абдували Курбаналиев дыйкандын үй-бүлөсүндө, Каракол шаарынын жанындагы Черик (Бөрүбаш) айылында туулган.

 

Билими:

1913 ж. – Пржевальск шаарындагы I-эркек мектебине окууга кирди.

Май, 1923 ж. – июнь, 1927 ж. - Жумушчу-дыйкан Кызыл армиянын кенже командирлеринин бириктирилген Орто Азия аскер мектебинин курсанты болду.

1931 – 1932 жж. - 3-Оренбург пилоттор жана учкуч-байкоочулардын аскер-учуу мектебине окууга кирди. Окууну артыкчылыгы менен бүтүрдү.

1935 – (1938) жж. - Ленинград байланыш боюнча аскер мектебинде окуду. Окууну артыкчылыгы менен бүтүрдү.

 

Кесиптик ишмердиги:

Май, 1927 ж. - округдук военкоматта Кызыл Армиянын жоокерлерин даярдоо боюнча нускоочу, Ош ш.

1927-жылдын аягы – округдук военкоматтын ВПТ, Фрунзе ш.

1929 ж. – 10-тоо-аткычтар полкунун взвод командири, полктун саясий жетекчиси, Керки ш., Туркменистан.

1932 ж. – Орто Азия аскер округунун 37-авиабомбалоочу полкунун 35-авиаотрядынын учкучу, Ташкент ш.

(1938) ж. – 37-авиабомбалоочу полкунун 35-авиаотрядынын байланыш башчысы.

1940 ж.– аткыч-бомбалоочулардын аскер мектебинде аскер тактикасы боюнча окутуучу, Ташкент ш.

1941 ж. – 24-алгачкы даярдык боюнча аскер-учуу мектебинин уюштуручуусу, мектептин строй даярдык кафедрасынын башчысы жана кадр боюнча башчы, Фрунзе ш.

Декабрь, 1941 - 1945 ж. – 24-алгачкы даярдык боюнча аскер-учуу мектебинин негизинде түзүлгөн Одесса аскер учуу училищесинде аскер топография жана тактика боюнча кафедранын башчысы, кадр бөлүмүнүн башчысы.

 

Сыйлыктары:

1931 ж. - Тажик ССРнин Эмгек Кызыл Туу ордени.

1938 ж. - ЖДКА (РККА) XX-жылдыгынын медалы.

1939 ж. – мыкты аскердик даярдык үчүн Өзбек ССРнин Жогорку Кеңешинин жарлыгы менен Ардак грамотасы менен сыйланган.

1947 ж. – Кызыл Жылдыз ордени.

 

Эскерүү:

Абдували Курбаналиевдин аты Кыргыз авиациялык институтунун 3-окуу корпусуна ыйгарылган жана ушул корпустун жанында эстелиги тургузулган.

 

Шилтемелер:

Оренбургское высшее военное авиационное Краснознаменное училище лётчиков им. И. С. Полбина. Выпускники: 1932 год. - https://оввакул.рф/vypuskniki/vypuskniki-po-godam/item/3226-kurbanaliev-abduvali-sultangalievich

Дорога в небо Абдували Курбаналиева - https://slovo.kg/?p=102028