И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Ишембай Абдраимов
Ишембай Абдраимов
  • 20 Окт 2021
  • 11934
  • 0

Ишембай Абдраимович Абдраимов (18.3.1914 - 2001) – биринчи кыргыз учкуч, Кыргызстандын жарандык авиациянын калыптандыруусунун демилгечиси жана уюштуруучусу.

 

Ишембай Абдраимов дыйканды үй-бүлөсүндө Бозбөлтөк айылында туулган.

 

Билими:

1934 ж. – адистиги: учкуч, Аэрофлоттун Орто Азия крайлык улуттук учкучтар мектебинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн, Ташкент ш.

1972 ж. – адистиги: инженер-учкуч, Жарандык авиация академиясы, Ленинград ш.

 

Кесиптик ишмердиги:

1934 ж. – Жарандык аба флотунун санитардык авиациянын учкучу.

1935 ж. – СССР Жарандык аба флотунун Кыргыз өзүнчө звеносунун командири.

1938 ж. – СССР ЖАФ Кыргыз өзүнчө авиатобунун командири.

1942 - 1945 жж. – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1943-жылдын июнь айынан 1945-жылдын май айына чейин I-Белорус фронтунун 16-Аба армиясынын 62-Гвардиялык өзүнчө авиациялык полкунун курамында учкуч болгон.

1945 - 1947 жж.– 62-ГӨАП экипажынын учкучу, маршал Г. К. Жуков, СССРдин Башкы айыптоочусу Р. А. Руденкону Нюрнберг процессине жеткирип жүргөн.

1948 ж. – СССРдин ЖАФ Орто Азиялык территориалдык башкармалыгынын Кыргыз авиаотрядынын командири. 

1951 – 1975 жж. – Кыргыз жарандык авиация башкармалыгынын башчысы болуп алгач үч учкучтан турган жамаатты ири башкармалык кылып түзгөн жана Кыргызстанда 50 аэродром курдурган. Кыргызстандагы I-класс стандарттарына туура келүүчү алгачкы аэропорттун курулушун жетектеген.

1955 – 1975 жж. – Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп жана Кыргызстандын КП БК курамына шайланып иштеген.

У-2 жана Ли-2 учактарда Кыргызстандын тоо кыркаларынын үстүнөн абакаттамдарды биринчи болуп ачкан.

Тик учактар жана Ил-18 турбина бурамалуу лайнер менен тоолуу аймактарга учууларды биринчи болуп уюштурган.

Өзү учактардын 16 тибин, - У-2, СП, С-2, АИР-6, ПР-5, ТБ-3, УТ-1, УТ-2, П-5, Як-12, Ан-2, Ли-2, СИ-47, Ю-52, Ил-14, Ил-18, өздөштүрүп 17000 учуу сааттан ашык учкан.

25 жыл бою Кыргызстандын КП БК биринчи катчысы И. Р. Раззаков, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы Т. К. Кулатов, Кыргызстандын КП БК биринчи катчысы Т. У. Усубалиев, Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы А. С. Сүйүмбаевдин шеф-учкучу болгон.

1973 -ж. – жарандык авиациянын Орто Азиядагы алгачкы авиациялык-техникалык училищеси Фрунзе шаарында ачылышы тууралуу демилге көтөрүп, аны ишке ашырууга жетишкен.

 

Сыйлыктары:

3.11.1944 – Согуштук сиңирген иши үчүн («За боевые заслуги») медалы.

1.12.1944 – Кызыл Жылдыз ордени.

9.5.1945 – Германияны жеңүү үчүн («За победу над Германией») медалы.

9.6.1945 – Варшаваны куткаруу үчүн («За освобождение Варшавы») медалы

31.7.1951 – Ардак белгиси («Знак Почёта») ордени.

31.7.1953 – Эмгек Кызыл Туу ордени.

15.2.1957 – Ардак белгиси («Знак Почёта») ордени.

6.6.1963 – Эмгек Кызыл Туу ордени.

16.8.1966 – авиациялык техниканы өздөштүрүүдө өзгөчө сиңирген эмгеги, учакты учурууда эң мыкты ыкмаларды колдонуу, учкуч кызматкерлерин тарбиялоо жана окутууда жогорку көрсөткүчтөр, көп жылдык авариясыз учуштары жана өлкөнүн эл чарбасында авиацияны колдонуудагы чыгаан жетишкендиктери үчүн И. Абдраимов "СССРдин эмгек сиңирген учкучу" ардактуу наамынын биринчи кавалери жана № 000001 төш белгисинин ээси.

15.6.1971 – Эмгек Кызыл Туу ордени.

4.2.1983 – Элдер достугунун (Дружбы народов) ордени.

11.3.1985 – Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени.

7.12.1994 – Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ICAO) алтын медалы.

17 (26).5.1997 – Аскер башчысы Г. К. Жуковдун солдат ордени.

2000 ж. – Манас III даражадагы ордени.

Кыргыз ССР транспортунун эмгек сиңирген кызматкери.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 10 Ардак грамотасы жана 7 грамотасы менен сыйланган.

Эки ирет «Аэрофлоттун отличниги».

 

Китептери:

И. Абдраимов кыргыз авиациясынын тарыхы тууралуу китеп жазган:

  • «Полвека в небе Киргизии». 1982. 220 с.
  • «Полеты продолжаются».
  • «Стальные птицы над Ала-Тоо». Фрунзе, 1980. 92 с.

 

Эскерүү:

Ишембай Абдраимовдун ысмы 1994-жылдын 18-мартында Кыргыз авиациялык колледжине ыйгарылган.

И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун административдик корпустун тушунда эстелиги тургузулган.

Институттун башкы окуу корпусунда Ишембай Абдраимовдун музейи жайгашкан.

Ишембай Абдраимов Бишкек шаарында Манас проспектисинде жашаган үйгө эстелик тактасы орнотулган.

 

Шилтемелер: