И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институттун билим берүү программаларынын тышкы экспертизасы башталды
Институттун билим берүү программаларынын тышкы экспертизасы башталды
  • 15 Окт 2021
  • 4513
  • 0

2021-жылдын 14-октябрында Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун билим берүү программаларынын кластеринин тышкы экспертизасы башталды.

Экспертизаны "Билим-Стандарт" көз карандысыз аккредитация агентствосу өткөрүүдө.

Тышкы эксперттик комиссиянын сапары эксперттердин жана институттун бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен таанышууда башталды.

Биринчи күнү комиссиянын мүчөлөрү сабакатарга кирип, чоң жыйындар залы, Космонавтика мене ракета куруу жана Авиациялык моделизм лабораториялары, спорт борбору, жатакана, И. Абдраимов музейи, китепкана, окуу полигону жана «Bishkek Wings» авиациялык окуу-машыгуу борборун көруштү.

Эксперттер студенттер менен баарлашып, жатканадагы студенттердин жашоо шарттары, мугалимдер жазгын басылмалар жана авиамоделизм боюнча окутуучулардын эл аралык мелдештерге катышуусу тууралуу суроолорду беришти.

Экинчи күнгө комиссия мүчөлөрүнүн окутуучулар жана студенттер менен жолугушуулар пландалган.