И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Кыргыз авиациялык институту жарандык авиация майрамын белгиледи
Кыргыз авиациялык институту жарандык авиация майрамын белгиледи
  • 07 Окт 2021
  • 4626
  • 0

2021-жылдын 7-октябрында Ишембай Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунда Жарандык авиация күнүнө арналган салтанат уюштурулду.

Директор Улан Эсембекович Курманов жарандык авиациянын ардагерлерин, институттун кызмакерлер жана студенттерди майрам менен куттуктады. Авиациялык окуу жай 48 жылда даярдаган 10 миңдей адистер ар кайсы континенттердеги авиаишкана жана аэропорттордо иштеп жатышат. Окуу жайдын жетекчиси: "Биздин ардагерлер менен сыймыктанабыз! ... Удаа изиңиз менен, сиз багындырган бийиктерге жетүү үчүн, сиз койгон максаттарды ишке ашыруу үчүн жаш муун келе жатат", - деп жана салтанаттын катышуучуларына тынчтык асман, студенттерге кызыктуу жана мазмундуу окуучулук турмуш каалоосун айтты.

Жарандык авиациянын ардагери, биринчи кыргыз стюардесса Тлеухор Изембековна Бошумова Кыргызстандын жарандык авиациясы 88 жыл болгонун айтып, авиаторлордун улуу жана жаш муундарына ийгилик, ачык асман жана Кыргызстандын өркүндөөсүн тилегин билдирди.

Жарандык авиациянын ардагери, Кыргыз авиациялык колледжинин экс-жетекчиси Рахимбек Даирович Даиров институттун окутуучуларын жана жарандык аваиация ардагерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, кызматкерлерге жана студенттерге жумушунда жана окуусунда ийгилик каалды.

Студенттер меймандарга ырдап, бийлеп, шайыр концерттик программа тартуулашты.