И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Кыргызстандын жарандык авиациясынын өнүгүүсү үчүн билим менен иштин алакасы
Кыргызстандын жарандык авиациясынын өнүгүүсү үчүн билим менен иштин алакасы
  • 07 Окт 2021
  • 5743
  • 0

Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясы күнүнө карата Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун директору Улан Эсембекович Курманов жана «ИНТЭК» ЖЧКнын башкы директору Алтынбек Дарманович Жоробеков Кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту.

 

Келишимге ылайык институттун студентери үчүн практика уюштуруу жана авиация  адистеринин квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу боюнча бирге аракеттешүү иш жүзүнө ашырылмакчы.

 

Алтынбек Дарманович ишкана менен билим берүү уюмунун бирдиктүү иш алып баруусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүү тармагында иштеп жаткан күйүүчү май куюучу комлекси жана институттун өндүрүштүк, илимий жана социалдык байланыштарын чындоого багытталган демилгелерди колдой турганын айтты.