И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

КАИ ардагери Тлеухор Бошумова
КАИ ардагери Тлеухор Бошумова "Насаатчы" фондунун медалы менен сыйланды
  • 06 Окт 2021
  • 4596
  • 0

Кыргызстандын жарандык авиациянын ардагери, И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун музейинин башчысы Тлеухор Изембековна Бошумова "Насаатчы" эл аралык коомдук фондунун «Ак Элечек Даткайым» медалы менен сыйланды.

 

2021-жылдын 5-октябрында мугалимдердин чогулушунда институттун директору Улан Эсембекович Курманов салтанаттуу түрдө Тлеухор Изембековнага сыйлык тууралуу күбөлүгүн тапшырды жана КАИ ардагерин иш жамааты куттуктады.