И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институт Россия-Кыргызстан техникалык университеттеринин консорциумуна мүчө болду
Институт Россия-Кыргызстан техникалык университеттеринин консорциумуна мүчө болду
  • 04 Окт 2021
  • 4968
  • 0

Ишембай Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институту Россия-Кыргызстан техникалык университеттеринин консорциумуна мүчө болду.

 

2021-жылдын 1-3-октябрында Россия - Кыргызстан техникалык университеттеринин консорциуму IX жалпы жыйынын М. М. Адышев ат. Ош технологиялык университетинде өткөрдү. Жыйынга Кыргызстандын 15 ЖОЖ  жана Россиянын 8 жогорку окуу жайларынын жетекчилери келип, РКТУК-тун дээрлик бардык ЖОЖ-мүчөлөр аралыктан катышышты.

 

Консорциумдун жыйынында И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтун директор Улан Эсембекович Курманов тааныштырды. Бул жылы Консорциумдун курамына СамМТУ, ММТУ «СТАНКИН», НВМУ, РОИ, У. Асаналиев ат. КМГУ, ОшМУ, К. Тыныстанов ат. ЫМУ, С. Нааматов НМУ, Б. Осмонов ат. ЖАМУ жана БатМУ кабыл алынышты.  Учурда Консорциумдун курамында 36 россиялык жана 17 кыргыз ЖОЖ бар.

 

Жыйын менен катар "Илимий-техникалык жана билим берүү мейкиндигинде бирлешүү жараяндары" аталышында РКТУК-тун VII Эл аралык тармактык илимий-практикалык конференциянын пленардык отуруму жана биргелешкен билим берүү программаларын кеңейтүү жана өнүктүрүү тууралуу жолугшуулар өткөрүлдү.

 

Кошумча маалымат: Россия-Кыргызстан техникалык университеттеринин консорциуму 2013-жылы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык Кыргызстан-Россиялык комиссиянын чечимдеринин негизинде тузүлгөн (2011-жылдын 12-апрелиндеги 13-отурумдун Протоколу жана 2012-жылдын 27-апрелиндеги 14-отурумдун Протоколу). Консорциум эки өлкөнүн Билим берүү жана илим министрликтеринин колдоосу менен түзүлүп, Консорциумду түзүү жөнүндө Келишимге кол койгон жана бирдиктүү тармактык билим берүү программаларын колдоо жана өнүктүрүү боюнча жалпы максаттарын колдоп кийин да кошулган россиялык жана кыргыз ЖОЖдун ыктыярдуу бирикмеси.