И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

КАИ студенттери жана кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына эстелик ачуу аземине катышышты
КАИ студенттери жана кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына эстелик ачуу аземине катышышты
  • 30 Сен 2021
  • 4365
  • 0

2021-жылдын 30-сентябрында орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери менен жарандык авиациянын ардагери, музейдин башчысы Тлеухор Изембековна Бошумова, окутуучулар Замира Маданбековна Нуркулова жана Дмитрий Викторович Бобылев Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылында Советтер Союзунун Баатыры, учкуч Исмаилбек Таранчиев жана аскер аткыч Алексей Ткачёвго эстелик ачуу аземине катышышты.

 

Исмаилбек Таранчиев атындагы мектептин жанында эстелик ачуу аземине окуучулар, мугалимдер жана айыл тургундары чогулуп, областтык, райондук администрацияларынын, Коргоо министрлигинин, ардагерлер уюмдарынын, Россия Федерациясынын элчилигинин, Кант шаарындагы авиабазынын өкүлдөрү жана учкучтун туугандары сөз сүйлөштү.

 

Учкуч баатырдын тууганы Мамбеталиев Ж. айтымында, Исмаилбек Таранчиев 1923-жылы Беш-Күнгөй айылында туулган, 1941-жылы Кызыл Армиянын катарына кошулуп, учкучтар мектебинде окуй баштаган. 1944-жылдын январь айынан баштап аба чабуулдарга катышкан. Кенже лейтенант Таранчиев И. 1944-жылдын 18-мартындагы чабуулда өрттөнгөн учагын душмандын танкалык тобуна багыттаган, акыркы учушунда кенже сержант Ткачев А. чогуу курман болгон. Алексей Ткачёв Смоленск областынын Шуклино айылында туулган.

 

Ишембай Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун атынан Тлеухор Изембековна иш-чаранын уюштуручуларына Ардак грамота тапшырып жана Кыргызстандын учкучтары тууралуу китептерди белекке берди.

 

Иш-чаранын меймандары эстеликтерге гүлчамбар коюшуп, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын урматына аскерлер жапырт атуу менен аземдин катышулары үндөбөө минутасын арнашты.