И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институтта Мамлекеттик тилине арналган декада башталды
Институтта Мамлекеттик тилине арналган декада башталды
  • 24 Сен 2021
  • 5271
  • 0

23-сентябрда Малекеттик тил күнүнө арналган институттун студентерининин тизим чогулушу өткөрүлдү.

 

Аземде И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун директору Улан Эсембекович Курманов ачылыш сөзүндө студенттерди, кесиптештерин Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мамлекеттик мекемелер тарабынан кыргыз тилин колдонууга өзгөчө көңул бурулуп жатканын айтып, айрыкча, укуктук-ченемдик актылар, мыйзамдар, жарлыктар, буйруктар алгач кыргыз тилинде даярдалып жатканын белгилеп кетти.

Улан Эсембекович  кыргыз тилин “баа жеткис байлыгыбыз” деп мунөздөп, китепканага “Манас”, кыргыз адабияты, кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө китептер, сөздүктөр, окуу куралдар, хрестоматиялар алынганын маалымдап, институтта кыргыз тилине арналган декада уюштурулуп жатканын кабарлады.