И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Авиациялык коопсуздук боюнча адистерди даярдоодо Казакстан жана Россия менен кызматташуу
Авиациялык коопсуздук боюнча адистерди даярдоодо Казакстан жана Россия менен кызматташуу
  • 24 Сен 2021
  • 3997
  • 0

2021-жылдын 23-сентябрында Казакстан делегациясы жана ICAO-нун авиациялык коопсуздук боюнча Москвадагы аймактык окутуу борборунун директору иш зыяраты менен И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтуна келишти.

 

Институттун жетекчилиги Казакстандын авиациялык администрациясынын Башкы директорунун авиациялык коопсуздук боюнча орун басары Дархан Инкарбекович Еспотанов, Казакстандын авиациялык администрациясынын Авиациялык коопсуздук департаментинин директору Дархан Маратович Катышев, Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары - Авиациялык коопсуздук кызматынын жетекчиси Марат Сабитович Тулешов, «Air Astana» авиакомпаниясынын Президентинин авиациялык коопсуздук боюнча кеңешчиси Айбек Аманкалиевич Уулкенов, ICAO-нун авиациялык коопсуздук боюнча Москвадагы аймактык окутуу борборунун директору Олег Юрьевич Лаврентьев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жарандык авиация агентствосунун авиациялык коопсуздук секторунун башчысы Шухрат Ахметханович Рустамов авиациялык коопсуздук боюнча адистерди даярдоодо кызматташууну иш жүзүнө ашыруу жолдорун жана түрлөрүн талкуулашты.