И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Мамлекеттик тил күнүнө арналган ачык сабак өткөрүлдү
Мамлекеттик тил күнүнө арналган ачык сабак өткөрүлдү
  • 23 Сен 2021
  • 5100
  • 0

И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунда Мамлекеттил тил күнүнө карата 2021-жылдын 23-сентябрында “Улут болсом тилим менен улутмун, улук болсом тилим менен улукмун” аталышында Табигый илимдер кафедрасынын окутуучулары Азира Шекербековна Сасыкулова, Мира Медеркуловна Сыдыкбаева жана Эркингүл Султанбековна Касмалиева МВТо 1-20 жана ТТПо 1-20 группалары менен даярдаган ачык сабак өткөрүлдү.

 

Сабак кыргыз ырларды көркөм окуу менен башталып, Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Аида Музиновна Эмчиевага сөз берилди.

Аида Музиновна агай-эжейлерди, студенттерди 32 жыл мурун Кыргыз ССРдин Жогорку Кеңеши тарабынан  Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынып кыргыз тил майрамы менен куттуктады жана “Эгерде биз жалпы баарыбыз кыргыз тилинде сүйлөсөк, эгерде биз баарыбыз кыргыз тилин урматтасак, барктасак, ошондо гана биз тилибизди жоготбойбуз. Тилибиз болсо, улутубуз болот. Тили жок улут болбойт. Ошондуктан тилибизди барктайлы, көтөрөлү, даңктайлы” – деп жаштарга насаатын айтты.

 

Студенттер кыргыз ырларын ырдап, эне тил жөнүндө ырларды көркөм окуп беришти. Ачык сабакта 1980-жылы Кыргыз Эл баатыры Түгөлбай Сыдыкбеков эне тил тууралуу айткан сөзүн камтыган архивдик видео көрсөтүлүп Мамлекеттик тил гимни уктурулду.