И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү
23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү
  • 23 Сен 2021
  • 11539
  • 0

Ethnologue  тилдер каталогуна ылайык, 2020-жылы жер жүзүндө 7139 тил бар деп маалымдалган. 178 өлкө мамлекеттик жана/же расмий тилге ээ.

 

Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили. / Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 5.5.2021. 13-берене, 1-п.

 

Кыргыз тили урал-алтай тил уясыныны түрк тилдери тайпасындагы кыргыз-кыпчак тобуна кирет.

 

Академик Б. М. Юнусалиев кыргыз тилинин калыптанышынын үч баскычын аныктаган:

1) байыркы (IX-X кк. чейин) – Энесайдагы кыргыздардын тили.

2) орто кылымдык кыргыз тили (IX-X кк. - XV-XVI кк. чейин).

3) жаңы кыргыз тили (XVI к. баштап).

 

Энесай кыргыздары руна сымал жазууну ойлоп таап колдонушкан.  Кыргыз каганатынын жазма эстеликтеринин үлгүлөрү Талас жана Кочкор райондорундагы руна сымал графиканын варианттарына окшош.

1926-жылга чейин араб алфавити колдонулган.

1927-жылы латын алфавити мамлекеттик деп кабыл алынган.

1941-жылы кириллицанын негизиндеги алфавит бекитилген.

 

 

Кыргыз тилиндеги адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын шедеври, - "Манас" эпосу, дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпосу болуп эсептелет.

Кыргыз тилинде басмаканада чыккан биринчи китеп - Молдо Кылыч Шамыркандын «Зилзала» чыгармасы, ал 1911-жылы Казан шаарында жарык көрдү.

Кыргыз тилиндеги биринчи гезит - «Эркин-Тоо», 1924-жылдын 7-ноябрында чыгарылды.

2021-жылы Бишкек шаарында байыркы кыргыз жазуусуна арналган эстелик тургузулду.

 

1989-жылдын 23-сентябрында «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз ССРинин мыйзамына ылайык кыргыз тили мамлекеттик тил макамына ээ болду.

 

Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тилдин иштеши башка тилдердин пайдаланылышына жолтоо болбойт. / 2004-жылдын 2-апрелиндеги № 54 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КР Мыйзамынын 4-беренеси.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри,
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы
мамлекеттик тилди билүүгө - мамлекеттик тилде окуй, жаза, өз оюн айта жана эл алдында сүйлөй билүүгө милдеттүү
. /  2004-жылдын 2-апрелиндеги № 54 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КР Мыйзамынын 8-беренеси.

 

Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди сактоо, коргоо жана иштетүү
Кыргыз Республикасынын Президенти,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү,
жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары,
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
тарабынан камсыз кылынат
. /  2004-жылдын 2-апрелиндеги № 54 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КР Мыйзамынын 32-беренеси.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик тилдин иштеши жана конституциялык статусун колдоо үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзөт, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик тилди окутуу боюнча мамлекеттик программаларды кабыл алат жана каржылайт. / 2004-жылдын 2-апрелиндеги № 54 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КР Мыйзамынын 2-беренеси.

 

 

Шилтемелер:

Кыргыз тилинен online котормо:

Кыргыз тилиндеги жазууну араб-кирилл-латын-руна сымал алфавиттерине алмаштыруу - https://www.qyrgyz.com

Адабият:

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КР Мыйзамы - http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1439/60?cl=ky-kg&mode=tekst

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия – http://mamtil.kg

 

 

 
   Атаке бийдин жазган каты

Семетей.
Тыныбек Жапиев.
1925.

Имланын кыскача эрежелери.
Касым Тыныстанов.
1936.

Толубай сынчы.
Алыкул Осмонов.
1944.