И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Тазалык боюнча Бүткүл дүйнөлүк күнү студенттер жана окутуучулар ишембиликке чыгышты
Тазалык боюнча Бүткүл дүйнөлүк күнү студенттер жана окутуучулар ишембиликке чыгышты
  • 18 Сен 2021
  • 4052
  • 0

2021-жылдын 18-сентябрында, - тазалык боюнча бүткүл дүйнөлүк күнү, 180 өлкөдө планетаны тазалоого багытталган экологиялык акция өткөрүлдү.

 

Административдик-чарба ишмердүүлүк боюнча директордук орун басары Асылбек Тургунбаевич Осмоналиевдин жетектөөсү менен орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттери жана  Назгуль Мурат кызы, Бердибек Борошевич Кашкариев, Абдырасул Нурдинович Сатыбеков тазалык боюнча бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата жарыяланган шаардык ишембиликке катышты. Авиациялык институттун командасы шаардын көчөлөрүн тазалап 350 кг таштанды чогултушту.

 

Тазалык боюнча бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилөө Эстонияда 13 жыл мурун «Let’s do it» кыймылынын активисттери тарабынан демилгеленген экологиялык акциядан башталды. Кыргызстанда мындай иш-чара төртүнчү жылы өткөрүлүп жатат. Былтыр ушундай иш-чаранын катышуучулардын саны 400 миң кишидей болгон деп айтылган.

Учкуч Антуан Мари Жан-Батист Роже де Сент-Экзюпери 74 жыл мурун жазган эле: "... Өзүндү иреке келтирип - жана дароо планетанды иретке келтир".

 

Фотосүрөттөрдүн автору: Осмоналиев А.Т.