И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Жеңиш күнүнө карата институтта илимий-практикалык конференция өткөрүлдү
Жеңиш күнүнө карата институтта илимий-практикалык конференция өткөрүлдү
  • 10 Май 2021
  • 4899
  • 0

2021-жылдын 6-майында Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда окутуучулар жана студенттер "Улуу Ата Мекендик согуш. Муундарды бириктерген эскерме" темасында илимий-практикалык конференция уюштурушту.

 

Конференциянын катышуучуларына институттун директору Улан Эсембекович Курманов жана ага окутуучу Чолпон Намазбековна Базарбаева кайрылуу жасашты.

 

Үчүнчү курстун студенттери Абдраимова И., Морозова В., Ниязова А., Турумбаева Б. жана Тыныбек у. С. баяндама жасашты

 

Конференциянын уюштуруучулары "Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы" жана "Кыргызстандагы согуш жана согуштан кийинки жылдар" темаларында кыска көрсөтүүлөрдү даярдашкан.

 

Конференцияны YouTube-дагы каналыбызда көрө аласыздар - https://www.youtube.com/watch?v=XpJDlm5Ju4c