И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институттун кызматкерлери Баткен окуясында жабыркагандарга финансылык колдоо көрсөттү
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институттун кызматкерлери Баткен окуясында жабыркагандарга финансылык колдоо көрсөттү
  • 03 Май 2021
  • 4664
  • 0

ПРЕСС РЕЛИЗ

 

2021-жылдын 3-май күнү                                                                                                            Бишкек ш.

 

 

И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институт 28-30-апрелде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларында жабыркаган Баткен областынын тургундарына жардам көрсөтүү максатында Окумуштуулар Кеңешинде атайын эсептен эмгек акы фондунан 100 миң сом которуу тууралуу чечим кабыл алды.

 

Эки студентибиздин Баткен областында жашаган туугандары кайгылуу окуяларда жабыркаган. Окуу жайдын жетекчилиги аларга кошумча колдоо көрсөтүү маселесин карап жатат.

 

Институттун башкы имаратынын 206-болмөсүндө жабыркагандарга керектелүүчү боюмдарды Баткен областына жиберүү үчүн топтоо жери ачылды. Элвира Жумалиева жооптуу булуп дайындалды, телефон номери +996(508)331128.

 

Баткен областындагы окуяларда жабыркаган жана борбордук бейтапканаларга жайгаштырылган жарандырыбыз үчүн институттун кызматкерлери жана студенттери ыктыярдуу түрдө Республикалык кан борборунда иш күндөрү саат 8-14 арасы кан тапшыра алышат,  дареги - Бишкек ш., Ч. Айтматов проспектиси, 60. Кан тапшырганда паспорт, айдоочу күбөлүгү же аскер билети керектелет.

 

Институттун иш жамааты мекендештерибизди колдоодо жана чек арадагы аймактарды калыбына келтирүүдө биримдиктин зарылчылыгын белгиледи. «Бул биздин өлкө, бул мекенибиз!», - деп институттун кызматкерлери позициясын ырасташты.

 

Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институттун иш жамааты курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңул айтты.

 

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М. Лущихин к., 60.

Телефон: +996(312)418038, электрондук дарек: info@kai.kg

http://kai.kg