"Элдердин достугу - студенттердин достугу" телекөпүрө Кыргызстан, Казакстан жана Армениянын жаштарын бириктирди
- 28 Апр 2021
- 6219
- 0
28-апрелде институттун студенттери Борбор-Казакстандык академиянын чакыруусу менен "Элдердин достугу - студенттердин достугу" телекөпүрөгө катышты.
Телекөпүрө учурунда студенттер Карагандадан Борбор-Казакстандык академиянын жана Еревандан Орусия-Армения университетинин Гуманитардык илимдер институтунун жаштары менен ар кайсы өлкөлөрдүн салт жана адаттары тууралуу талкулашты.
Баарлашуунун жаңы форматы окуучулардын дүйнө-таанымын кеңейтип, туулган жерине сүйүүсүн бекемдеп, айлана чөйрөгө эсетиткалык мамилени өздөштүрүүгө багытталган.
Студенттер Айдана Исаева, Каныкей Азаматова жана окутуучу Гулзада Абдыкадыр кызы сертификат алышты.