И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институттун кызматкерлери жана студенттери футбол боюнча балдар турниринин жеңүүчүлөрүн куттукташты
Институттун кызматкерлери жана студенттери футбол боюнча балдар турниринин жеңүүчүлөрүн куттукташты
  • 27 Апр 2021
  • 6697
  • 0

2021-жылдын 27-апрелинде Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылында футбол боюнча балдар турнири өткөрүлдү.

 

Турнирге 4 мектептин оюнчулары катышты. Биринчи орунду Төмөнкү Чүй айылынын «Колосок» командасы ээледи.

 

Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери жеңүүчүлөргө алтын, күмүш, коло медалдарды, сыйбарактарды жана китептерди тапшырышты.

 

Институттун музейинин башчысы Тлеухор Изембековна Бошумова «Влюбленные в небо» аттуу китебин белек кылды.

 

СССРдин ААК учкуч-ветераны, Кыргызстан эли ассамблеясынын «Гармония» Орус маданият борборунун президентинин орун басары Семён Яковлевич Поляков турнирдин уюштуруучусу, тренер Бакыт Тургуналиевич Есеркепке учактын моделин белекке тапшырды.

 

Турнир «Аэрофлот»  компаниясынын борт коштоочусу Максим Моисеевдин элесине арналды. 21 жаштагы борт коштоочусу Максим Моисеев SU 1492  Москва-Мурманск рейсиндеги Шереметьево аэропортунда өрттөнгөн учактын салонунан жүргүнчүлөрдү куткарып жатып 2019 -жылдын 5-майында каза болгон.