И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Өзбекстандагы абитуриенттер үчүн жарнак-маалымат кампаниясын Агент жүргүзөт
Өзбекстандагы абитуриенттер үчүн жарнак-маалымат кампаниясын Агент жүргүзөт
  • 23 Апр 2021
  • 5998
  • 0

И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна окууга тапшыра турган Өзбекстандагы абитуриенттер үчүн жарнак-маалымат кампаниясын мындан ары атайын агент жүргүзөт.

 

Институттун директору Улан Эсембекович Курманов «STUDYONE» ЖЧКнын директору Умида Мухтаровна Достходжаева менен Кызматташтык тууралуу келишим түздү.

 

Келишим боюнча «STUDYONE» ЖЧКсы Өзбекстанда базар талдоосун жүргүзүп, Авиаинститутта билим алууну каалаган абитуриенттерге кабыл алуунун шарттары, окууунун мөөнөтү жана түрлөрү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жарнак-маалымат кампаниясын ишке ашыруу боюнча милдеттерин алды.