И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Жарандык авиациянын Ульяновск институту менен Кызматташтык тууралуу келишим түзүлдү
Жарандык авиациянын Ульяновск институту менен Кызматташтык тууралуу келишим түзүлдү
  • 19 Апр 2021
  • 6245
  • 0

И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун директору Улан Эсембекович Курманов жана Авиациянын башкы маршалы Б.П.Бугаев ат. жарандык авиациянын Ульяновск институтунун Ректору Николай Николаевич Африкантов Кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту.



Келишим боюнча жогорку билим берүү, илимий изилдөөлөр жана эксперименталдык жумуштар тармагында тажрыйба, маалымат жана адистерди алмашуу, илимий наамдарды ыйгаруу кеңештердин ишинде эки тараптын катышуусун  камтыйт.

 

Студенттер үчүн бул Келишим параллелдүү түрдө эки институттун дипломдорун алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт жана алмашуу программалары менен билим алуу, адистештирүүнү тереңдетүү жана квалификацияны жогорулатууга жол ачмакчы.

 

Келишимге Ульяновск шаарында өткөрүлгөн "Жарандык авиация: XXI кылым" темасында Эл аралык илимий конференция учурунда кол коюлду.