И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Директор У.Э. Курманов У.Э.
Директор У.Э. Курманов У.Э. "Жарандык авиация: XXI-кылым" Эл аралык илимий конференциясында баяндама жасады
  • 16 Апр 2021
  • 4943
  • 0

И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун директору Улан Эсембекович Курманов Эл аралык илимий конференциянын пленардык отурумунда баяндама жасады.

 

2021-жылдын 15-16-апрелинде Авиациянын башкы маршалы Б.П. Бугаев атындагы Жарандык авиациянын Ульяновск институтунда Бүткүл дүйнөлүк авиация жана космонавтика күнүнө арналган "Жарандык авиация: XXI-кылым" темасында  Эл аралык илимий конференция өткөрүлүүдө.

 

Конференциянын алкагында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту менен Авиациянын башкы маршалы Б.П. Бугаев атындагы Жарандык авиациянын Ульяновск институтунун ортосунда Кызматташтык тууралуу келишимге кол коюу пландалууда.