И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Мектеп окуучуларына Кыргыз авиациялык институтуна тапшыруу шарттары тууралуу маалымат беришти
Мектеп окуучуларына Кыргыз авиациялык институтуна тапшыруу шарттары тууралуу маалымат беришти
  • 12 Апр 2021
  • 5185
  • 0

Мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери 2021-жылдын 12-апрелинде Кыргыз авиациялык институтунун "Ачык эшиктер күнүнө" келип катышып, конок болуп кетишти.

"Ачык эшиктер күнү" онлайн жана офлайн режиминде өткөрүлдү. Видеоконференцияда директор  Курманов У.Э. Авиаинститут тууралуу маалымат берди, Табигый илимдер кафедрасынын башчысы Исмаилова Ж.Х. жана Аба кемелерин учуу-техникалык эксплуатациялоо жана аба транспорттук системаларды башкаруу кафедрасынын башчысы Завьялов С.В. кафедралардын иштери жөнүндө маалымат берип, негизги багыттарга токтолушту.

Директордун орун басары Эмчиева А.М. жана кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Сапарбекова А.Ж. конокторду кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Иш-чарада КнАГУнун авиация жана деңиз техникасы факультетинин деканы Красильникова О.А. жана КнАГУнун  эл аралык бөлүмүнүн адиси Шумайлова Е.С. катышышты. Алар меймандарды космоско адамды биринчи учушунун 60-жылдыгы менен куттукташып, КнАГУ жөнүндө маалымат беришти.

Кыргыз авиациялык институтунун студенттери меймандарды концерттик программа менен тосуп алышты.

 

Видеоконференцияга шилтеме -

https://www.youtube.com/watch?v=8C59QWUVYPg