И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Приемная комиссия начала свою дистанционную работу по приёму документов на 2020-2021 учебный год
Приемная комиссия начала свою дистанционную работу по приёму документов на 2020-2021 учебный год
  • 23 Июн 2020
  • 12626
  • 0

И.Абдраимов  атындагы  Кыргыз авиациялык институту

 

  2020-жылы Кыргыз Авиация институтуна кабыл алуу үчүн документтерди электрондук түрдө тапшыруу тууралуу  абитуриенттер үчүн эскертме.

 

    Арыз, документтерди берүү тартиби:

 

1 Авиациялык институтунун www. kai.kg. сайтындагы, абитуриенттер үчүн /кабыл алуу комиссиясы бөлүмүнө кирүү керек.

2. «АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАТТОО» бөлүмчөсүнүн астында, «БУЙРУТМА БЕРҮҮ» ссылкасынын жанында  «БАСУУ»   функциясын басыңыз жана онлайн режиминде арызды толтура аласыз.

3 Арыз формасын толтурууда, так маалыматты, жарактуу жана туура телефондорду, электрондук почтаныздын дарегин жана сиз менен кийинки байланыш үчүн керектүү  башка маалыматтарын көрсөтүү керек.

4. Кабыл алуу  комиссиясы  байланышуу үчүн  керектүү  маалыматтарды жана электрондук почта дарегин арыз ээсинин атына жөнөтөт, ал дарекке керектүү документтерди, ошондой эле толтурулган арызды жиберишиңиз керек.

5. Документтерди электрондук түрдө тапшыруу үчүн сиз КАИге кабыл алуу үчүн арызды сайттан жүктөп, толтуруп, ага кол коюңуз. Документтерди сканерлеп, тапшыруу үчүн зарыл болгон бардык документтердин топтомун Авиациялык институтунун кабыл алуу комиссиясына телефон / Вотсап  же электрондук почта аркылуу жөнөтүшүңүз керек.

6.  Бардык керектүү маалыматтарды Кабыл алуу комиссиясынын 0312 41-80-38, 0554147080, 0990550034 телефондору жана saparbekova_92@list.ru электрондук почтасы  аркылуу алсаңыз болот.

 

KAИге кош келиңиз!

Арыз толтуруунун үлгүсү
Арыз толтуруунун үлгүсү