«Тоолор – жашоонун булагы жана туруктуу келечектин негизи»
- 17 Дек 2024
- 713
- 0
2024-жылдын 17-декабрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Эл аралык Тоо күнүнө арналган «Тоолор – жашоонун булагы жана туруктуу келечектин негизи» аттуу тегерек стол болуп өттү.
Институттун студенттери доклад жасашып, өз презентацияларында Кыргызстан тоолуу өлкө катары бул табигый байлыкты сактоо боюнча өзгөчө жоопкерчиликке ээ экендигин баса белгилешти. Ошондой эле экологиялык маданиятты калыптандырууда жана өнүгүү маселелерин чечүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоодо билим берүү мекемелеринин ролуна өзгөчө көңүл бурушту.