КАИде Эл аралык аба укугу боюнча онлайн семинар өттү
- 17 Дек 2024
- 691
- 0
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Катар авиациялык академиясы менен кызматташуу тууралуу меморандумдун алкагында магистратура программаларында окуп жаткан студенттер үчүн Эл аралык аба укугу боюнча бир күндүк онлайн семинар өткөрүлдү.
Семинардын максаты – Эл аралык жарандык авиацияны жөнгө салуучу негизги укуктук принциптер жөнүндө катышуучуларга ар тараптуу түшүнүк берүү. Бул негизги конвенцияларды жана макулдашууларды изилдөөнү, Чикаго конвенциясы менен ИКАОнун ролун, коопсуз учууну либералдаштыруу жана аба транспорту саясатын, ошондой эле Монреаль конвенциялары сыяктуу маселелерди камтыйт.