И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

КАИде «Психотроптук жана баңги заттардын адамдын ден соолугуна жана жашоосуна тийгизген таасири» темасында лекция болуп өттү
КАИде «Психотроптук жана баңги заттардын адамдын ден соолугуна жана жашоосуна тийгизген таасири» темасында лекция болуп өттү
  • 13 Дек 2024
  • 2343
  • 0

13-декабрда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Психотроптук жана баңги заттардын адамдын ден соолугуна жана жашоосуна тийгизген таасири» темасында студенттер үчүн лекция болуп өттү.

 

Иш-чара жаштардын бул заттарды колдонуудан келип чыккан кооптуу жагдайлар жана олуттуу кесепеттери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында уюштурулду.

 

Лекцияны республикалык психиатрия жана наркология борборунун жашы жете электерге медициналык– психологиялык жардам көрсөтүү боюнча дарыгери жана КР ИИМинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери өткөрүштү.