И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

«Адабият алптары: Чынгыз жана Алыкул» аталышындагы тегерек стол
«Адабият алптары: Чынгыз жана Алыкул» аталышындагы тегерек стол
  • 10 Дек 2024
  • 400
  • 0

10-декабрда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Адабият күнүнө жана Ч.Айтматов менен А.Осмоновго арналган «Адабият алптары: Чынгыз жана Алыкул» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Иш чарага белгилүү адабиятчылар, манасчылар, акындар жана студенттер катышып, адабият жаатындагы тажрыйбалары, ой пикирлери менен бөлүшүштү. Тегерек столдун жүрүшүндө Республикалык «Кыргыз тили» коомунун президенти, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер – Раимжан Курбанов өзүнүн ой- пикирин ортого салып, белгилүү чыгармалардан үзүндүлөрдү окуп берди.

Тегерек стол ар тараптуу ойлор, сунуштар жана кызыктуу пикирлер менен коштолду. Бул тегерек стол адабиятка кызыгуу жаратып, акын жазуучулардын чыгармаларын терең окуп үйрөнүүгө өбөлгө түздү.