И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнүн алкагында КАИнин кызматкерлери жана студенттери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кайрымдуулук жардамын көрсөтүштү
Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнүн алкагында КАИнин кызматкерлери жана студенттери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кайрымдуулук жардамын көрсөтүштү
  • 29 Ноя 2024
  • 383
  • 0

2024-жылдын 29-ноябрында КАИнин кызматкерлери жана студенттери Маловодное айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулук балдар реабилитациялык борборуна барышты. Борбордун тарбиялануучуларына азык-түлүк, кийим-кече, оюнчуктар, таттуулар түрүндө материалдык жардам көрсөтүлүп, студенттер тарабынан даярдалган ыр-бий менен коштолгон чакан концерттик программа тартууланды.

 

Маалымат үчүн: 1992-жылдан бери БУУнун демилгеси менен жыл сайын 3-декабрда дүйнө жүзү боюнча Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү катары белгиленип келет. Бул күндү белгилөөнүн максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык интеграциялоо боюнча маанилүү маселелерге колдоо көрсөтүү, алар туш болгон көйгөйлөр тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана ар бир адам үчүн ачык жана жеткиликтүү коомдун артыкчылыктарына көңүл буруу.