И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Н. Талантбеков жана төкмө акындар КАИнин студенттери менен жолугушту
Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Н. Талантбеков жана төкмө акындар КАИнин студенттери менен жолугушту
  • 27 Ноя 2024
  • 349
  • 0

2024-жылдын 26-ноябрында Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков жана белгилүү төкмө акындар институттун студенттери менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда “Манас” эпосунун мааниси, анын улуттук маданияттагы орду жана өнүктүрүү багыттары талкууланды.

 

Н. Талантбеков, өз сөзүндө, Манас эпосунун жаш муундар үчүн маңызы жана аны сактоо боюнча иш-чаралар тууралуу айтып, студенттерди улуттук мурасын ардактап, анын жанрларынын таанылышына салым кошууга чакырды. Ал ошондой эле, акындарга карата сый-урмат көрсөтүп, алардын чыгармачылыгын таанытуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

Жолугушуу жандуу жана калыс талкуулар менен коштолуп, студенттер “Манас” эпосу тууралуу кызыктуу суроолорду берип, төкмө акындар менен түз байланышта болушту. Мындай иш-чаралар кыргыз элинин маданий мурасын жаштарга жеткирүү жана улуттук каада-салттарды келечек муунга өткөрүү үчүн маанилүү.