И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Коопту жүктөр: IATA иннспектору студенттер үчүн конок лекциясын өткөрдү
Коопту жүктөр: IATA иннспектору студенттер үчүн конок лекциясын өткөрдү
  • 02 Окт 2024
  • 253
  • 0

2024-жылдын 2-октябрында И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда сырттан окуу бөлүмүнүн магистранттары жана студенттер учун уюштурулган конок лекциясы өттү.

 

 

Лекцияны Азербайжандан келген IATA инспектору, аба транспортунда кооптуу жүктөрдү ташуу тармагындагы эксперт Микаил Ахмедли мырза өткөрдү.

 

Лекциянын жүрүшүндө Ахмадли мырза авиациялык логистикадагы коопсуздуктун негизги аспектиси болгон жүктөрдүн классификациясы жана шайкештиги жөнүндө кеңири айтып берди. Ал кооптуу материалдарды ташуудагы тобокелдиктерди азайтуу үчүн IATA тарабынан белгиленген эл аралык стандарттарды жана эрежелерди сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

Студенттер суроолорду берип, кооптуу жүктөрдү иштетүүнүн практикалык аспектилерин талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты, бул алардын бул жааттагы билимин тереңдетүүгө өбөлгө түздү.