cover image
2024-жылдын 21-ноябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда Эл аралык илим күнү алкагында «Глобалдык мобилдүүлүк: санариптик технологиялар жана маданий интеграция» аттуу Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Конференцияга Казакстан Республикасынын «Жарандык авиация академиясынын» илимий иштер боюнча проректору Кайрат Кошеков жетектеген делегация, ошондой эле ар кандай мамлекеттик жана окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар

  • 1Кайрат Кошеков жетектеген Казакстан Республикасынын «Жарандык авиация академиясы» делегациясы
  • 2Полковник Иман Мамбетсеитов — генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун начальниги
  • 3ИИМ Академиясынын жана башка мекемелердин өкүлдөрү (Э.А. Алиев атындагы академиянын делегациясы)
  • 4Аскер институтунун жана ИИМ Академиясынын окутуучулары жана курсанттары

Максаты

Конференциянын максаты – санариптик технологиялардын өнүгүүсүнө байланыштуу глобалдык чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөрдү, алардын адамдардын мобилдүүлүгүнө тийгизген таасирин, ошондой эле заманбап дүйнөдөгү маданий интеграция жана өз ара аракеттенүүнү талкуулоо. Айрыкча, авиациянын глобалдашуу жана эл аралык кызматташтык процесстериндеги ролу, ошондой эле насаатчылык маселелери өзгөчө көңүлгө алынды.

Докладдар жана жыйынтыктар

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар тематикалык багыттар боюнча докладдарды жасашты.

Жыйынтыгы
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча сертификаттар тапшырылды.