Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында, 2024-жылдын 25-ноябрынан тартып академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча КАИ студенттери «Кышкы университетке» окууга жөнөп кетишти. Иш-чара Великий Новгород шаарындагы НовГУнун Алдынкы инженердик мектебинин жана Санкт-Петербург шаарынын базасында өтүүдө.
Окуу жана программа
Эки жума бою студенттер жаңы дисциплиналарды өздөштүрүп, форумга катышышат, ошондой эле Великий Новгород жана Санкт-Петербург шаарларынын көркөм жерлерин кыдырышат.