Жаңылыктар
cover image
18-январда мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын иш чаралар планынын аткарылышы боюнча салтанаттуу иш-чара өттү.

Катышуучулар

  • 1Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов
  • 2Өлкөбүздүн бардык региондорунан 200гө жакын кыргыз тили мугалимдери
  • 3И.Абдраимов атындагы Кыргыз Авиаинститтун студенттери

Министрдин сөзү

“Мамлекеттик тилди жайылтуу – ата-бабаларыбыздын шедеврлери болгон “Манас” эпосу, кыргыз кагандарынын эстеликтериндеги Енисей жазуулары, улуттук фольклор, поэзия жана проза сыяктуу дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы бул тарых, өлкөнүн келечеги”

— Уланбек Мамбетакунов, Билим берүү жана илим министри

Иш-чаралар жана сыйлыктар

Жыйынтык
Ошондой эле, иш-чарада айлыктын алкагында аткарылган иш-чаралар тууралуу видеомаалымат көрсөтүлүп, фотокөргөзмө уюштурулуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында өткөрүлгөн иш-чараларга (“Мыкты баяндамачы”, “Көп тилдүү мугалим”, “Заманбап санарип колдонмо”, “Инновациялык усулдуктар” ж.б.) активдүү катышкан мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле кыргыз тилин өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган ардагер мугалимдерге “Мыкты насаатчы” сыйлыгы жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Ыраазычылык

Ыраазычылык катын алган мугалимдердин ичинде Авиаинституттун кыргыз тили мугалими Аскарова Назгул Аскаровна да бар.