
Катышуучулар
- 1Жашы жете элек студенттер
- 2Аталган окуу жайдын директору
- 3Тарбия иштери боюнча орун басары
- 4Бишкек шаардык Ленин РИИБдин КККнын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору
Презентациялар жана талкуу
Анда, Кыргыз транспорттук прокурорунун орун басары Б.Мырзахматов, Кыргыз транспорттук прокурорунун улук жардамчысы И.Садыков жана Кыргыз транспорттук прокурорунун жардамчысы Н.Усеновдор жашы жете элек студенттерге прокуратура органдарынын системасы, укуктук негиздери тууралуу айтып, «Жашы жете элек балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу маселелери" темасында видео роликтер жана презентациялар көрсөтүлүп, студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
Мелдеш жана фотогалерея
Мындан сырткары, Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган мелдеш, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда жашы жете элек студенттер арасында уюштурулуп, жеңүүчүлөргө жана мыкты оюн көрсөткөндөргө Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан баалуу белектер тапшырылды.




