Кыргызский авиационный институт

имени И. Абдраимова

"Кыргыз тили-кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан"
  • 22 Сен 2023
  • 1823
  • 0

"Кыргыз тили-кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан"

 

2023-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган "Кыргыз тили-кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан" аттуу салтанаттуу иш-чара Авиаинституттун жаны ачылган чоң жыйындар залында өткөрүлдү.

 

Иш чарага Авиаинституттун профессордук-окуутуучулар курамы жана студенттер катышышты. Салтанатту иш-чараны Авиаинституттун директору Улан Курманов ачып берип, бүгүнкү күндөгү тилдин ал-абалына токтолуп, келечек муунду өз эне тилин сактоого, өнүктүрүүгө, баалоого чакырып кетти.

Ошондой эле, көрүүчүлөргө студенттер жана мугалимдер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.