Кыргызский авиационный институт

имени И. Абдраимова

Подведены итоги месячника Государственного языка
Подведены итоги месячника Государственного языка
  • 13 Дек 2021
  • 4882
  • 0

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ АРНАЛГАН БИР АЙЛЫК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

11.12.2021

https://kutbilim.kg/news/inner/mamlekettik-tilge-arnalgan-bir-aylyk-zhyyyntyktaldy/

 

Билим  берүү  жана  илим министрлиги  «Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата  жарыялаган  бир айлыгын 10-декабрда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жыйынтыктады.

Алгач иш-чарага республиканын бардык аймагынан келген коноктор КММА менен жакындан таанышып, окуу жайга саякат жасашты. Андан соң жети облус, эки шаардын мамлекеттик тил адистери мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында жасап жаткан иштери тууралуу даярдап келген материалдары  менен  тааныштырышты.
Иш-чаранын салтанаттуу бөлүмүндө катышуучулар Мамлекеттик гимнди жандуу  аткарышты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева куттуктоо сөзү менен иш-чаранын расмий бөлүгүн ачып,  катышуучуларды жана министрлик жарыялаган сынактардын жеңүүчүлөрүн  куттуктап, сыйлык ээлерине жана кыргыз тилинин өнүгүшүнө салымын кошуп келе жаткан ардагерлерге белектерди тапшырды.

Бүт өмүрүн кыргыз тилин өнүктүрүүгө арнап келген ардагер тилчилер мамлекеттик тилдин тагдыры, келечеги тууралуу ойлору менен бөлүшүп, катышуучуларды жана сынактардын жеңүүчүлөрүн куттукташты.

Бир  айлыкка, сынакка активдүү катышкан финалисттер жана активдүү катышкан окуу жайлар, калыстар тобунун мүчөлөрү баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Иш-чаранын маданий бөлүмүндө катышуучуларга чыгармачыл кыргыз тилчи мугалимдер обондуу ырларын тартуулашты.

Катышуучулардын баардыгына  Улуттук программанын алкагында басылып чыккан китептер белекке берилди.

 

Мектепке чейинки курактагы балдар арасында “Кыргыз тилин сүйөмүн” аттуу республикалык көркөм окуу сынагынын байгелүү орундарынын ээлери:

1.     1-орун — Жеңишбеков Эмир, Б. Жамгырчиев “Тил баркы”, 6 жашта, Бишкек шаары, №131 бала бакча;

2.     2-орун — Муратбекова Бермет, Ч. Айтматов “Ак кеме”, 4 жашта, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл району, “Нур бала” бала бакчасы;

3.     2-орун — Сагымбекова Ауреля, Р. Мамбетов “Кыргыз тили”, 6 жашта, Талас шаары, №9 “Буратино” бала бакчасы;

4.     3-орун — Рыскулова Нурсулуу, Ш. Дүйшеев “Эне тилин унуткандар”, 5 жашта, Талас облусу, Талас району, Д. Молдоярова атындагы бала бакча;

5.     3-орун — Асантуров Актан, Н. Байтемиров “Жаркырай берет түбөлүк”, 5 жашта, Ысык-Көл облусу, Тоң району, №3 бала бакча;

6.     3-орун — Жамбылова Айбийке, С. Токтосунов “Касиеттүү эне тил”, 6 жашта, Балыкчы шаары №2 “Жомок” бала бакчасы.

 

КТРКнын «Манас таануу» таймашында  бала бакча арасында

Баш байге — №53 бала бакча;

1-орун — №22 бала бакча;

2-орун — №51 бала бакча;

3-орун — №5 бала бакча.

 

ЖОЖдор арасында

Баш байге — И.Ахунбаев атындагы КММАсы;

1-орун — Кыргыз Түрк анадолу кыздар-лицейи;

2-орун — КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы;

3-орун — Кыргыз авиациялык институту;

3-орун — К.Карасаев атындагы БМУ.

 

Жеңүүчүлөргө ноутбук, телевизор, телефон, газ.плита, принтер, сумка, китеп жана грамоталар тапшырылды.