Мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын жыйынтыгы чыгарылды
Мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын жыйынтыгы чыгарылды
  • 20 Янв 2023
  • 1214
  • 0

18-январда мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын иш чаралар планынын аткарылышы боюнча салтанаттуу иш-чара өттү.
Ал эми бул иш-чарага Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана өлкөбүздүн бардык региондорунан 200гө жакын кыргыз тили мугалимдери, И.Абдраимов атындагы Кыргыз Авиаинститтун студенттери катышты.
Анда министр Уланбек Мамбетакунов Билим берүү жана илим министрлиги балдар бакчадан баштап көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү менен бирге мамлекеттик тилди окутуунун методикасын жакшыртуу жана сапатын жогорулатуу аркылуу жарандардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсүнө түрткү берүү милдеттерин аткарып жаткандыгын белгиледи.
“Мамлекеттик тилди жайылтуу – ата-бабаларыбыздын шедеврлери болгон “Манас” эпосу, кыргыз кагандарынын эстеликтериндеги Енисей жазуулары, улуттук фольклор, поэзия жана проза сыяктуу дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы бул тарых, өлкөнүн келечеги” – деди министр.
Ошондой эле, иш-чарада айлыктын алкагында аткарылган иш-чаралар тууралуу видеомаалымат көрсөтүлүп, фотокөргөзмө уюштурулуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында өткөрүлгөн иш-чараларга (“Мыкты баяндамачы”, “Көп тилдүү мугалим”, “Заманбап санарип колдонмо”, “Инновациялык усулдуктар” ж.б.) активдүү катышкан мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле кыргыз тилин өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган ардагер мугалимдерге “Мыкты насаатчы” сыйлыгы жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Ыраазычылык катын алган мугалимдердин ичинде Авиаинституттун кыргыз тили мугалими Аскарова Назгул Аскаровна да бар.