Жерде жакшы машыксаң, абадагы абалың жеңил
Жерде жакшы машыксаң, абадагы абалың жеңил
  • 03 Мар 2020
  • 5170
  • 0

Жерде жакшы машыксаң, абадагы абалың жеңил

"Кыргыз Туусу"гезити : http://kyrgyztuusu.kg/?p=28683

 

Медицинанын бир тармагы –авиациялык медицина боюнча республикабызда адистер аз. Авиацияда кызмат иштеген адамдар өз кесибине жөндөмдүүлүгү боюнча медициналык кароодон дайыма өтүп турушат. Өлкөбүздөгү бирден бир жогорку авиациялык окуу жайы – И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институнда авиациялык медицина боюнча атайын сабак өткөрүлөт.

 

Институтта тажрыйбалуу устат, учурунда СССРдин саламаттык сактоосунун мыктысы наамына ээ болгон, жаратылыш таануу-илим дисциплиналары кафедрасынын улук окутуучусу Людмила Ольховская көп жылдардан бери таалим берет. Авиамедицина сабагынын өзгөчөлүгү, ал учкучту, жол шерикти же борттогу медайымды аба мейкиндигинде күтүлбөгөн жагдайга туш болгондо сабырдуулук менен зарыл аракеттерди көрүүгө тарбиялайт.

Мисалга алсак, кыргызстандык «TEZ JET» авиакомпаниясына тиешелүү аба кемесинин командири Дмитрий Палашкин 2018-жылдын 1-мартында Бишкек-Баткен каттамы боюнча учуп бара жатып учактын кыймылдаткычы иштебей калганда дароо артка кайтып, учакты Бишкектеги аба жайына аман-эсен кондурган. Ушул туура аракети аркылуу ал 100 адамдын өмүрүн сактап калган. Бул үчүн ага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен «Эрдик» медалы ыйгарылган.

Авиациялык медицина тармагында тажрыйба алмашуунун ролу чоң. Өткөн жылдын аягында Москвада өткөн Авиация медицинасынын дарыгерлери ассоциациясынын II эл аралык конгрессине кыргызстандык делегация да барып келди. 19 мамлекеттен катышкан 250 делегаттын алдында Л.Ольховская Кыргызстандагы авиациялык медицинанын калыптануусу жана өнүгүүсү жөнүндө баяндама жасады. Анын башаты 1959-жылы Кыргызстанда учуунун дарыгерлик эксперттик комиссиясынын түзүлгөндүгү менен байланыштуу. Анын адистери биринчи жолу Фрунзе – Москва ави- акаттамындагы аба кемесинин учкучтарын текшерүүдөн өткөрүп, учууга уруксат берген. Атамекендик авиациялык медицинанын өнүгүүсүнө Брониславская, Н.Мясникова, А.Тверитина, А.Богочарова, А.Гришин, Г.Сафиулина, Ю.Копытова, Н.Губина, Т.Чертаковская, Л.Пьяных, К.Бахчиева сыяктуу адистер салымдарын кошушкан. Совет мезгилинде милдетин аткаруу учурунда учкучтардын ден соолугуна байланыштуу бир ирет дагы көйгөй жаралган эмес.

И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун студенттери авиациялык медицина боюнча конференция, симпозиумдарга активдүү катышып келет. Окуу жайында өткөрүлгөн «Кыргыз Республикасындагы авиациялык медицинанын актуалдуу маселелери жана аны чечүүнүн жолдору» аттуу конференцияда институттун студенттери маанилүү баяндамалары менен катышуучулардын көңүлүн бурду. Ушул конференцияда М. Миррахимов атындагы Кыргыз улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, м.и.д., профессор А. Сарыбаев жүрөк оорусу бар жүргүнчүлөрдүн учактагы абалына байланыштуу, ага зарыл шарттар жөнүндө маселени көтөрдү.

Кыргыз авиация институту кесипкөй адистерди даярдоо максатында И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы менен кызматташып иш алып барууда.

 

Назарбек БАЙЖИГИТОВ.

3.3.2020.