«Баңгилик: Баңги заттардын ден-соолукка таасири» темасында окуу жыйын өткөрүлдү
«Баңгилик: Баңги заттардын ден-соолукка таасири» темасында окуу жыйын өткөрүлдү
  • 15 Июн 2023
  • 1517
  • 0

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2023-жылдын 16-майындагы “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 2023-жылдын май-июнь айларында баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жана алдын алуу иштеринин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү жөнүндө” 4-К сандуу көрсөтмөсүн аткаруу максатында, Кыргыз транспорттук прокуратурасынын демилгеси менен И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Кыргыз транспорттук прокурорунун улук жардамчысы И.Садыков, Републикалык психиатрия жана наркология борборуна караштуу жашы жете элек өспүрүмдөргө медико-психологиялык жардам берүү борборунун психологу А.Бейшекееванын катышуусу менен студенттерге «Баңгилик: Баңги заттардын ден-соолукка таасири» темасында окуу жыйын өткөрүлдү.


Анда, Кыргыз транспорттук прокурорунун улук жардамчысы И.Садыков студенттерге банги заттардын организмге тийгизген таасири, колдонууда жана таратууда укук коргоо органдары тарабынан көрүлүүчү жаза чараларына токтолду. Ошондой эле видео роликтер жана презентациялар көрсөтүлүп, студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп беришти.